Тажикстан менен чектешкен аймактан 2 миллион сомдук аткезчилик товар кармалды
Бөлүшүү:
Лейлектеги чек ара отрядынын чек арачылары Жаңы-Жер айылынан Кыргызстандын эки жаранын кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кармалган жарандар Кыргызстандын аймагына көзөмөл өткөрүү пункту жайгашпаган жерден 19 тонна кургатылган жер-жемишти алып кирүүгө аракет кылышкан.
Renault Premium үлгүсүндөгү автоунааны текшерген маалда баасы 2 миллион сом болгон 19 тонна товарлардын тийиштүү документтери жок болуп чыккан.
Керектүү документтер толтурулган соң, кармалгандар Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.
Добавить комментарий ×