Тажикстан кыргыз аскерлерине ок атууну токтотпой жатат

28 январь 2022 01:05 4071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январда саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 минутага токтогондугун маалымдайт.

Ок атышуу токтогон убакта Кыргызстандын президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.

Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкерлери жайгашкан жерге ок атууну токтопой жатышат.

2022-жылдын 28-январы саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-kyrgyz-askerlerine-ok-atuunu-toktopoj-zhat



Добавить комментарий