Тажик жараны кыргыздарга кайрылып, Манастын аялы тажик болгонун эскертти
Тажикстандын жараны Диловар Сафаров кыргызстандын элине видео кайрылуу жөнөткөнү Facebook социалдык тармагына тарай баштады.
Dfilm company баракчасында жарыяланган видеодо ал кыргыз элине төмөнкүдөй кайрылган:
“Тажикстан менен Кыргызстан бир үзүм жер үчүн чатакташканын тарыхта болгон эмес. Бүгүн биз кенедей жер үчүн бири-бирибизди өлтүрүп жатабыз. Силер биз сыйлагандай эле биздин аталарбызды, чоң аталарыбызды сыйлагыла. Сиздер-улуу Манастын урпактарысыздар, анын жубайы тажик болгон. Бир туугандар! Дүйнөдө эки күч бар- кылыч жана акыл, аларды унутпаңыздар. Көп учурда акыл кылычты жеңип коет. Биз башкалар үчүн-азиаттарбыз. Биз бир үй-бүлөбүз. Биздин үй-бүлөдө чатак болсо тынч жашай албайбыз”,-деп айтты Диловар Сафаров.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-zharany-kyrgyzdarga-kajrylyp-manastyn-ayaly-tazhik-bolgonun-eskertti
Добавить комментарий ×