Тазалыктын кызматкери шаардыктарга ыраазычылык тартуулады

18 октябрь 2019 14:49 2393 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн 18-октябрда Бишкек шаардык « Тазалык» ишканасынын кызматкери шаар тургундарына ыразычылык  тартуулады. Бул тууралуу бул ишкананын маалымат катчысы соц тармакта жарыялады.

Маалыматта, кызматкер шаардагы парктардын биринде эртең менен тазалаганы барган. Анан ал жалбырактан жерге жүрѳк  тарткан. Бул жүрѳктү шаардын тургундарына арнап, « Урматуу шаардыктар!!! Таштандыларды таштанды таштоочу жерге алып барып таштаганыңар үчүн ыраазычылык айтам», -деген Тазалык ишканасынын кызматкери Нурлан Темирбеков.

 Кошумчалай кетсек, Нурлан Темирбеков 2013-жылдан бери Тазалык ишканасында иштеп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/tazalyktyn-kyzmatkeri-shaardyktarga-yraazychylyk-tartuulady



Добавить комментарий