Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти

11 май 2023 13:36 1692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Ленин районунда К.Акиев менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан.

“Өрттү өчүрүүгө саат 11:09да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tashtandy-tashygan-unaa-rttnp-ketti



Добавить комментарий