Бишкекте 4 мас адам таштанды тазалап жүргөн "Тазалыктын" кызматкерин сабап кетишкен

15 май 2021 09:05 694 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте мас адамдар таштанды жүктөп жүргөн “Тазалыктын” кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Кече түнү “Тазалыктын” таштанды жүктөп жүргөн Эржан аттуу жүк ташуучусун сабап кетишти.

Кызматкерлер Туңгуч кичи району жакта таштандыларды тазалап жүрүшкөн. Таштандыны унаага жүктөп, ордунан жылып кетейин деп жатса, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү кара унаа “Тазалыктын” машинасынын алдын тороп алган. Биздин кызматкерлер жол бошотуп берип коюуну өтүнгөндө, унаадан 4 мас адам унаадан түшүп, кызматкерди сабап коюуп, качып кетишкен.

Милиция Эржанды сабагандардын үчөөсүн тапты. Ал эми, “Хонда Фит” унаасынын айдоочусу табыла элек.

Учурда, Эржан  республикалык ооруканада, нейрохирургия бөлүмүндө жатат”, - деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-4-mas-adam-tashtandy-tazalap-zhrgn-tazalyktyn-kyzmatkerin-sabap-ketishken



Добавить комментарий