Таяк-тартыш боюнча Россиядан кыргыз спортчулары 13 медаль жеңип келишти
Кыргызстандык спортчулар Орусияда өткөн таяк-тартыш боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу таяк-тартыш федерациясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, турнир 22-24-июнь күндөрү Орусиянын Якутия шаарында 41 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өткөн.
Кыргыз спортчулары 13 медаль 3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.
Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы Россиянын командасына гана утулуп, 2-орунду ээледи.
Кыргызстандын курама командасынын курамында жеңүүчүлөр:
Алтын медаль;
55 кг чейин - Иманканова Дилбара
60 кг чейин - Асанов Азамат
65 кг чейин - Нуржанова Кымбат
Күмүш медаль;
65 кг чейин - Токтошев Бекмырза
90 кг чейин - Чыныбек уулу Руслан
105 кг чейин - Атайбек уулу Келдибек
Коло медал;
70 кг чейин - Айтбаев Элдос
75 кг чейин - Бекжан Өмүралиев жана Эльдана Болотбекова
80 кг чейин - Абылов Бакдөөлөт
85 кг чейин - Майлибашева Назия
90 кг чейин - Акылбек уулу Эржан
125 кг чейин - Ырысбаев Улукбек
Добавить комментарий ×