Тата Улан Туйгунаалы Абдраимовго: "Чочко! Мен эмес сен маска кийишиң керек экен!"
Сахнадан алыстап кеткен, патриоттук ырлары менен таанымал болгон ырчы Тата Улан коомдогу актуалдуу темаларга болгон көз карашын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирип келет. Ал кечээ, Орок айылында чыккан чырга барган Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кызга карата айткан сөзүнө кыжыры кайнаганын билдирген пост жазды.
Ырчы өз сөзүндө:
“Кебетең дурайын чочко! Мен эмес сен маска кийишиң керек экен!”, -деп тамаша чыны аралаш пикирин билдирди.
Маалым болгондой ырчы коомчулукка жүзүнө маска кийип жүргөнү менен да белгилүү. Ал “мен маскасы жок жүргөндө эл Тата Улан экенимди билбейт” деп да айтканы бар.
Белгилей кетсек, соцтармакта жалпы журналисттер мамлекеттик кызматкер Абдраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/tata-ulan-tujgunaaly-abdraimovgo-chochko-men-emes-sen-maska-kijishi-kerek-eken
Добавить комментарий ×