Ташкент Гүлнара Каримова "өзүн-өзү өлтүрдү" деген маалыматтарга комментарий берди

13 ноябрь 2020 12:59 1370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12-ноябрь күнү, Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин укук бузууларды алдын алуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Умида Абдуллаева Гүлнара Каримованын абалы начарлап кеткендиги тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу Repost.uz сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет

Октябрь айынын аягында социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Ташкентдин жанындагы колонияда жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын ден-соолугу начарлап кетти деген кабарлар пайда болду. Ага утурлай эле, ал коронавируска шектүү пневмония диагнозу менен санитардык бөлүмгө жаткырылганы айтылган.

Тактап айтканда, Каримованын кызы Иман бул тууралуу Instagram баракчасына жазып, апасына тийиштүү жардам көрсөтүлбөй жаткандыгын, ошондой эле коронавирустук анализ тапшырууга жана дары-дармектерди берүүгө тыюу салынганын жазган.

"Гүлнара Каримова өзүн-өзү өлтүрдү деген сөздөр жалган. Гүлнара Каримова сот тарабынан белгиленген жазаны өтөп жатат", - деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Гендердик теңчилик боюнча комиссиянын пресс-конференциясында.

Кырдаалга Олий Мажлис Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева дагы комментарий берди.

"Кылмыш жасаган адам жазасын алышы керек. Гүлнара Каримованын абалы жакшы, социалдык тармактардагы ал жөнүндөгү ушактар чындыкка дал келбейт. Анын абалы жөнүндө кененирээк маалыматты тиешелүү кызмат адамдары бере алышат", - деди Нарбаева.

Күч органдары билдиргендей, жакынкы аралыкта жалпыга маалымдоо каражаттарына Каримованын учурдагы ден-соолугу жөнүндө толук маалымат берилет.

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Ташкент облусунун Зангиата районундагы жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөп жатат. Ал уурдоо, салык төлөөдөн качуу, опузалап талап кылуу жана мыйзамсыз алынган каражаттарды легалдаштыруу боюнча күнөөлүү деп табылган. Март айында Өзбекстандын Жогорку Соту Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылганын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/tashkenttin-kch-organdary-glnara-karimova-zn-z-ltrd-degen-maalymattarga-kommentarij-berdi



Добавить комментарий