Ташиев: Биз эч кимди аяган жокпуз
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында “өмүрүмдү элим үчүн арнап, ак эмгек кылууга даярмын” деди.
«Мен өз өмүрүмдү элиме арнайм. Кудай жана эл мага ушундай жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүк берди», - деди ал.
Ташиев ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, коомго тартип орнотууну каалай тургандыгын белгиледи.
«Биз эч кимди аяган жокпуз. Мен кызматка киришкенде эч кандай таасир жана туугандык байланыш болбойт деп айткам», - деп кошумчалады.
Анын айтымында, ал мамлекеттен бир чарчы метр жер алган эмес.
“Мамлекеттен бир чарчы метр жер алган адам эмесмин. Мен өмүр боюу бир үйдө жашап келе жатам. Мындан ары да башка үй сатып албайм. Мага ошол жетет. Мен мамлекет үчүн таза иштеп, башкаларга да мисал болгум келет. Ар бир чиновник элдин эсинде байлыгы менен эмес, таза эмгеги менен калышы керек”, -деди ал.
Добавить комментарий ×