Ташиев каражатын төлөп берген өспүрүм Индиядан ийгиликтүү операция болуп келди

30 май 2023 17:26 769 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чет өлкөжөн дарыланууга муктаж болуп, Камчыбек Ташиевдин каржылоосу менен Индиядан операция болгон өспүрүм жакшы болуп, мекенге кайтып келди. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалым болгондой, бүгүн 30-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн Дайырбек Маматкалыев менен жана анын ата-энеси менен жолугушту.

Буга чейин, химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен бала Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. 

“Бирок, медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбек Маматкалыевдин ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында УКМК башчысы Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында Дайырбек Маматкалыевди (жана анын ата-энесин) жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана “Фортис” клиникасында операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн.

Операция ийгиликтүү өтүп, 2023-жылдын 29-майында Дайырбек Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип, Ташиевге жеке жолугушууну суранган.

2023-жылдын 30-майындагы жолугушууда Маматкалыевдин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери дартынан улам (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.  

Дарылоо планына ылайык, Маматкалыев белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу Ташиев ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин, анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-karazhatyn-tlp-bergen-sprm-indiyadan-ijgilikt-operaciya-bolup-keldi



Добавить комментарий