Ташиев: Матраимовдон 1 млрд 400 млн сом, 1 соода борбору жана 9 кыймылсыз мүлк өндүрүлдү
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-декабрда маалымат жыйыны учурунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 2 миллиард сом мамлекетке өндүрүлгөнүн айтты.
Анын айтымында, 1 миллиард 400 млн сом мамлекеттин казынасына акчалай өндүрүлгөн.
Аны менен биргеликте, бул ишке катышкан башка адамдар дагы: Раджабалиевге - 12 миллион сом, Боромбаевге - 8 миллион сом, ошондой эле тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары тарабынан мамлекеттик бюджетке 301 миллион сом суммасындагы каражаттардын орду толтурулган.
Матраимовдор бүгүнкү күнгө 2 миллиард сомду толугу менен кайтарып беришти, бул сумманын 1,4 миллиарды буга чейин Кыргыз Республикасынын бюджетине накталай которулгандыгын, 1 соода борбору түрүндөгү кыймылсыз мүлк жана 600 миллион сомдук 9 батир дагы мамлекеттин кирешесине айлангандыгын белгилей кетүү керек. Ошентип, Матраимовдон 2 миллиард сом өндүрүлгөн.
Ташиевдин айтымында, Матраимовдон өндүрүлгөн соода борбору мамлекетке өткөрүлсө, ал эми 8 батири УКМКнын кызматкерлери жашай турган кызматтык үй болот. Ал эми, бир батир аянты чоң болгондуктан балдар үйүнө өткөрүлүп берилет.
Эске сала кетсек, 20-октябрында УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармалган. 2016-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин, төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, бажы кызматнын башка кызмат адамдары жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөнгөн органдар менен бирлдикте көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталган. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени жарыяланган.
Кийинчерек, Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алып, үй камагына чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-matraimovdon-1mlrd-400-mi-som-zhana-9-kyjmylsyz-mlk-ndrld
Добавить комментарий ×