Ташиев: Барак эксклавы Өзбекстанга өтүп кеткен
Бөлүшүү:
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу чечимде бир тарап утушка ээ болду деп айтуунун өзү туура эмес" деди.
Маалым болгондой, Барак эксклавы тууралуу алмашуулар болгон.
"Барак эксклавы боюнча 2017-жылы сүйлөшүүлөр болуп, Өзбекстанга өтүп кеткен. Анын ордуна, өзбек тарап бизге Кара-Суудан жер берген. Барак эми эксклав эмес толук Өзбекстандын жери", - деп билдирди Ташиев.
Белгилей кетсек, Барак Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз эксклавы болгон.
Барак эксклавы Оштун Кара-Суу районуна карап келген. Чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-barak-anklavy-zbekstanga-tp-ketken
Добавить комментарий ×