Таш-Көмүрдө катуу жааган жамгырдан унаа жолу жабылды

29 март 2021 10:32 3040 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек - Ош унаа жолунун болжол менен 431-432-чакырымында, катуу жаандан кийин таш, кум түшүп, азыр тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Таш-Көмүр шаарында 28-29-мартка караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 431-432-чакырым аралыгында (Рязан-Сай айылы) унаа жолго кум аралаш шагыл түшүп (көлөмү такталууда), унаа жол убактылуу жабылган. Жабыркагандар жок.

Жерине Таш-Көмүр шаардык №57 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу, №38 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, №30 ЖТИден 1 манипулятор, 3 кызматкер, Таш-Көмүр шаардык №2 ӨМТКВдан 15 куткаруучу тартылды.

Учурда унаа жолго түшкөн кум аралаш шагылды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Ссылка: https://barometr.kg/tash-kmrd-katuu-zhaagan-zhamgyrdan-unaa-zholu-zhabyldy



Добавить комментарий