Таш-Көмүр шаарында Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү аралык спорттук иш-чара өткөрүлдү

10 июль 2018 22:00 1437 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын 2018-жылга мерчемделген планына ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан КР ӨКМнин 6-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунда Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү аралык майрамдык спорттук массалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

 Иш-чаранын максаты КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын офицерлер курамынын жалпы мамлекеттик даярдыгын текшерүү, өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводдорунун командирлерине командирдик жана окуу усулдук жыйындарды өткөрүү, ошондой эле «1-июль Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 27 жылдык» маарекесине карата уюштурулган.

Жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык командасы женишке жетип биринчи орунду багындырды. Ал эми футбол боюнча Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл – Кыя шаарынын кызматкерлери  женишке жеттишти.

Ссылка: https://barometr.kg/tash-kmr-shaarynda-too-ken-kyrsygynan-kutkaruu-kyzmatynyn-tzmdk-blktr-aralyk-sporttuk-ish-chara-tkrld



Добавить комментарий