Жалал-Абадда бир суткада оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок

6 апрель 2020 14:15 1238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 5-апрелинен 6-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 15 кылмыш окуялар катталган. 

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. 

Белгилей кетүүчү жагдай фейсбук ачык социалдык баракчасынан такталбаган маалыматтарды тараткан 1 факты аныкталып (Жалал-Абад шаары), текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 6, Сузак районунун аймагынан – 2 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилген. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы – 381 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 368 автоунаа кармалып (өзгөчө абал киргизилгенден тартып), айып аянтчасына коюлган.

Ал эми коменданттын “Өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” 2020-жылдын 23-мартындагы №6 буйругунун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана дары-дармектерди ташыган Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан сутка ичинде жалпы 100 жүк ташуучу унаалар КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлгөн.


Ошондой эле Жоробеков төмөндөгүдөй кайрылуу жасады: 

"Урматтуу мекендештер, Урматтуу Жалал-Абад областынын тургундары жана коноктору! Биздин негизги максат - ушул дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет.
Тилекке каршы ушул илдетти жуктуруп алган жарандарыбыздын саны өсүүдө, ошондуктан суранарым биз тараптан көрүлгөн чараларды жана чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактап өзүңүздөрдүн ден соолугунуздарга кам көрүүгө чакырамын.
Мамлекетибиздин эң чоң байлыгы – элибиздин саламаттыгы».


Ссылка: https://barometr.kg/tartipti-saktap-zzdrdn-den-soolugunuzdarga-kam-krg-chakyramyn



Добавить комментарий