Тармактык комитет Британиядагы элчиликке Байсаловдун талапкерлигин жактырды

28 май 2019 15:31 1126 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Байсалов Эдил Жолдубаевичтин талапкерлигин сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/tarmaktyk-komitet-britaniyadagy-elchilikke-bajsalovdun-talapkerligin-zhaktyrdy



Добавить комментарий