Таласта жыл башынан бери 54 өрт кырсыгы катталды
Таласта жыл башынан бери 54 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жыл жаңыргандан баштап 6 ай ичинде Талас облусунда 54 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 84), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 35,7% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгым 3 млн 926 мин 354 сомду түздү. (2019-жылы 2 млн сомдон ашык - 50,6% көбөйгөн). Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, жабыркагандар 1 адам, (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн 1 адамдын өмүрү жана 97 млн 660 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2019-ж. 51 млн 403 000 сом)
Өрттөрдүн негизги себептери:
Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 19 (35,2%);
Мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (9,3%);
Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 12 (22,2%);
Балдардын от менен ойноосуунан – 7 (13%)
Өрттөн болгон негизги объектилер:
Турак жай сектору-39 (72,2%)
Унаа, гараж, турук (стоянка)- 8(14,8%)
Кампалар, соода бөлмөлөр-2(3,7%)
Ачык аянттар-1 (1,9%)
Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:
Талас шаары - 15;
Талас району - 8;
Манас району - 10;
Кара-Буура району - 14;
Бакай-Ата району – 7 өрт катталган.
Өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак жай секторунда 39 өрт (2019-ж. 53 өрт). Өрттөн каза тапкандар жок. Жалпы 54 өрт кырсыктарынын 39 өрт турак жайларда 72,2% .
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-zhyl-bashynan-beri-54-rt-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×