Таласта сууга түшүү боюнча өспүрмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (Сүрөт)
Таласта сууга түшүү боюнча өспүрмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын шаар жана райондук ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан, 11-августта Талас шаарында жайгашкан “Жаштык” стадионунун жанында өтүүчү Талас дарыясынын жээгиндеги эс алып, сууга түшүп жаткан жарандарга, жайкы мезгилдеги жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Андан тышкары Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл аймагындагы Талас дарыясынын жээгинде эс алып жаткан жарандарга жана жаш балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү баракчалары таркатылды.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-suuga-tsh-boyuncha-sprmdrg-tshndr-ishteri-zhrgzld-srt
Добавить комментарий ×