Таласта сууга агып кеткен өспүрүм кыздардын биринин сөөгү табылды
Таласта каналга түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тукралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 24-июнда 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
"Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өспүрүмдөрдү, жеткинчектерди сууга түшүүгө чоңдордун көзөмөлсүз сууга түшүүгө жибербөөгө чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-suuga-agyp-ketken-sprm-kyzdardyn-birinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×