Таласта сууга агып кеткен өспүрүм кыздардын биринин сөөгү табылды

25 июня 2022 14:11 1254 Barometr
Поделиться в:
ok

Таласта каналга түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тукралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 24-июнда 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

"Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсү  жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өспүрүмдөрдү, жеткинчектерди сууга түшүүгө чоңдордун көзөмөлсүз сууга түшүүгө жибербөөгө чакырат.



Ссылка: https://barometr.kg/talasta-suuga-agyp-ketken-sprm-kyzdardyn-birinin-sg-tabyldy



Добавить комментарий