Таласта санитардык-карантиндик посттор коюлду

25 март 2020 10:56 1288 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынуда. Өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда, жашаган жеринен эч ким, эч жакка чыкпоого тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Талас облусунун кире бериши Талдыбулак айылында 21-марттан баштап карантиндиндик-санитардык пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду.

Санитардык посттордон өтүүгө, өтө зарыл жана жүйөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

Белгилей кетсек, 25-марттан тарта Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилип, коронавирус чыккана аймактарга карантин жарыяланган. Аны менен катар ири шаарларды коменданттык саат иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-sanitardyk-karantindik-posttor-koyuldu



Добавить комментарий