Таласта ишкерди текшеребиз деп коркутуп пара алып жаткан учурда инспекторлор кармалды
Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын ККК тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурунда кармалышты.
Такталгандай жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренtси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар Талас облусттук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-para-alyp-zhatkan-uchurda-inspektorlor-karmaldy
Добавить комментарий ×