Таласта үч балалуу келинди үйүндө бычактап өлтүрүп кетти
Бөлүшүү:
Таласта үч балалуу келинди белгисиз жаран өз үйүндө бычактап өлтүрүп кетти. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы келин белгисиз жаран тарабынан бычакталып, алган жаратынан улам каза болгон. Окуя кечээ, 23-сентябрда катталган. Милициядан билдиришкендей, маркумдун үч баласы бар. Милиция учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-ch-balaluu-kelindi-jnd-bychaktap-ltrp-ketti
Добавить комментарий ×