Талас жана Нарын облусунун губернаторлору кызматтан кетүү арызын жазышты
Бөлүшүү:
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов кызматтан кетүү арызын жазышты.
6-октябрда Нарында, Таласта эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
Кече, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактагы бир канча саясатчыларды бошотушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-zhana-naryn-oblusunun-gubernatorloru-kyzmattan-ket-aryzyn-zhazyshty
Добавить комментарий ×