Талас районунда милициянын көчмө кабылдамасы кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын көрүп жатат
Талас районунда милициянын көчмө кабылдамасы иштеп, калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
"Талас РИИБнин кызматкерлери Калба жана Нуржанов айыл өкмөтүнүн аймагында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Фасоль алуучу кампаларда иштеген адамдар менен сүйлөшүп, аларга фасоль сактоочу жерлердин коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешмелер берилди. Уурулук кылмыштарынын алдын алуу максатында чоң кампаларда видео көзөмөл орнотулушу керектиги айтылды. Милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын башка дагы көйгөйлөрү менен таанышып, кайрылууларын кабыл алды. Көчмө кабылдама жыл башынан бери 215 жолу райондун айылдарына чыккан. Жарандар тарабынан 1782 арыз даттанууларды кабыл алган. Ар кандай мазмундагы кайрылуулар андан соң тиешелүү кызматтарга берилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×