Талаптагыдай иштей албаган министрлерди, айрым чиновниктерди Өкмөт башчы жазалады
Министрликтердин жана административдик ведомстволордун айрым жетекчилерине эскертүү берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү жарыяланды:
Анда: - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов эскертүү алышты.
Добавить комментарий ×