Москвада сот таксист Чыңгыз Анарбек уулунун камактагы мөөнөтүн дагы узартты
Орусияда жол кырсыгына кабылган Кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалым болгондой, мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Тверь райондук соту кабыл алды. Анарбек уулуна карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 264-берененин 1-бөлүмү (жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен кылмыш иш козголгон.
Эске салсак, 16-июнда кечке маал Москва шаарында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/taksist-chygyz-anarbek-uulunun-kamaktagy-mnt-dagy-uzartyldy
Добавить комментарий ×