Москвада мекендештерин унаа менен сүзүп кеткен жаран камакка алынды
Бөлүшүү:
Москвада мекендештерин унаа менен сүзгүлөп салган жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Кузьмин райондук сотуна таянып жазды.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Анда он киши жабыркап, бир киши каза болгон.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, айдоочу окуя болгон жерден качпай, полицияга көрсөтмө берген. Кырсыктан 10 адам жабыркаса, бир адам каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-mekendeshterin-unaa-menen-szp-ketken-zharan-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×