Шаардык сот Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгаруудан баш тартты

11 сентябрь 2018 16:55 1008 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сот Кубанычбек Кулматовду  үй камагына чыгаруудан баш тартып, анын баш коргоо чарасы боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.   

Белгилей кетсек,  Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп курууга бөлүнгөн 2 миллион доллар каражатты мыйзамсыз иштеткен деп айыпталган. Ал каражат ТВЕА дан Бишкек ЖЭБин модернизациялоого берилген. Кулматов каражатты өкмөттүн эсебинен мэриянын эсебине аталган жаңы конуштагы мектепти куруу шылтоосу менен которткон. Кулматов 5-июнда УКМКнын абагына камакка алынган. 14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-sot-kubanychbek-kulmatovdu-j-kamagyna-chygaruudan-bash-tartty



Добавить комментарий