Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди.
Ошентип, Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарат. Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары Токтогул районунун Торкен айылынын муктаж, аз камсыздалган жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жаткандыгын белгилегим келет.
КРнын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү аларды алуу мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.
9-декабрына саат 16: 00гө карата Тайырбек Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКнын тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.
Добавить комментарий ×