Изделип жаткан украиналык журналисттин сөөгү Тайланддан табылды

10 июнь 2020 10:25 1054 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Изделип жаткан украиналык журналисттин сөөгү Тайланддын Самуй аралынан табылды Бул тууралуу “24 канал” билдирди.

Pattaya Now порталынын маалыматына таянсак, 7-июнда аралдагы мейманкана кызматкери чет өлкөлүк жарандын сөөгүн таап алганын полицияга билдирген.

“Токой менен бара жатып, жаман жытты сездим. Кайдан чыгып жатат деп издесем, пальманын жалбырагы астынан кыздын бутун көрдүм” – деп билдирген ал.

Изилдөөнүн негизинде сөөк 25-майда жоголгон 32 жаштагы украиналык журналист Ольга Фроловага таандык экени аныкталган.

Учурда журналисттин каза болуу себептери такталууда.


Ссылка: https://barometr.kg/tajlanddan-izdelip-zhatkan-ukrainalyk-zhurnalisttin-sg-tabyldy



Добавить комментарий