Тайланддагы ресторанда кишинин этин бергенин билип калышты

2 ноябрь 2018 10:30 2688 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тайландда вегетериан ресторанында кишинин этин бергенин билип калышты. Бул тууралуу Korrespondent маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай тамактан адамдын этине окшогон даамды сезишкен. Жергиликтүү полиция изилдей келгенде, чын эле адамдын эти болуп чыккан. Ресторандын ашканасынан дубалдарга чачыраган кандарды табышкан. Ошол жердеги септиктен  61 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан. Ал дайыма ушул ресторанга келип жүргөн адам болгон. Акыркы жолу аны 21-октябрда ошол ресторанда досу менен ичип олтурганын көрүшкөн. Болжолу ресторандын чоңу менен уруша кетип, жыйынтыгы анын өлүмүнө алып келгендигин айтышууда. Ал эми жасалган кылмышты жабуу үчүн ресторандын жетекчилиги этти майдалап жоготууну көздөгөн. Жергиликтүү полициянын билдиргенине караганда учурда ресторандын жетекчиликтери качып кеткенге үлгүргөн. Иликтөө иштери уланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/tajlanddagy-restoranda-kishinin-etin-bergenin-bilip-kalyshty



Добавить комментарий