Тайланддагы үңкүргө камалып калган үч балага жана алардын машыктыруучусуна Тайланддын жарандыгы берилди
Бөлүшүү:
Тайланддагы үңкүргө камалып калган үч балага жана алардын машыктыруучусуна Тайланддын жарандыгы берилди. Бул туурасында чет элдик маалымат булактары жазды. Айтылган маалыматтарга ылайык, жергиликтүү райондун башчысы Маэ Сай балдарга документтерин өзү тапшырган.
Маалымат катары айта кетсек, Тайландка жакын жайгашкан Бирма, Лаос, кээ бир Кытай менен чектешкен аймактардагы мурда көчүп-конуп жүргөн көчмөн калктардын 480миңдей адамдарында жарандык документтери жок. Булардын келечектеги тагдырлары үчүн БУУ дагы кабатырланып, маселе козгоп келет.
Добавить комментарий ×