Тайландда 5-кабаттан ыргытылган ымыркайды банан жалбырактары сактап калды

4 октябрь 2018 14:00 1838 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тайланддын Самутпракан провинциясында жаңы төрөлгөн ымыркайды 5-кабаттан ыргытып жиберишкен. Бирок анын өмүрүн банан жалбырактары сактап калды.

Бул тууралуу Daily Mail билдирди.

Басылманын маалыматына караганда окуя 1-октябрда болгон. 

Жергиликтүү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары калын банандын арасынан ымыркайдын үнүн угушкан. Ал жактан жаңы төрөлгөн жадакалса киндиги кесиле элек ымыркай кызды табышкан. 

Бактыга жараша ымыркайдын денесине эч кандай зыян келген эмес, болгону банан дарагынын чиркейлери ар кай жерин чагып коюшкан. Азыркы учурда ымыркай ооруканага жеткирилген.

Полиция кызматкерлери баланы апасы өлтүрүүгө аракет жасаган деген шек менен терезеси банан өскөн тарапты караган батирлерди изилдеп жатышат. Жашоочулардын айтымында ошол тарапта кош бойлуу аял жашачу.

Азыр ымыркайдын апасы изделүүдө, ага адам өлтүрүүгө аракет кылуу айыбы тагылышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/tajlandda-5-kabattan-yrgytylgan-ymyrkajdy-banan-zhalbyraktary-saktap-kaldy



Добавить комментарий