Тай балдарынын кырсыктан кийинки алгачкы сүрөттөрү пайда болду

12 июль 2018 19:45 1271 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тай балдарынын кырсыктан кийинки алгачкы сүрөттөрү пайда болду. Бет кап кийген балдардын айрымдары уктап жатат, кээ бири ал тургай жеңиштин белгисин көрсөтүп түшкөн. Дарыгерлердин айтымында балдар бир аз алсыраганы менен абалдары абдан жакшы деп билдиришти. Белгилүү болгондой балдардын акыркылары 10-июлда куткарылган. Тхам Луанг үңкүрүнө 23-июнда кирип кеткен боюнча чыкпай калган балдар 17 күн дегенде араң куткарылды. Буга дүйнө жүзү көз салып, балдардын эр журөктүүлүгүнө, кайраттуулугуна таң калышты. 

"Бир аз гана үмүт менен жашадык. Биз бул нерсени кылышыбыз керек болчу. Аз гана шооладай үмүт менен аман калаарыбызга ишенип, бир гана алдыны көздөй умтула бердик"- деп билдирди өз сөзүндө Реар Арпакорн аттуу балдардын бирөөсү.

Алгачкы куткарылган 4 балага үй-бүлөсү менен көрүшүп, өздөрүн жакшы сезип калышкан. Ал эми калгандарына азырынча жакындары менен жолугууга руксат боло элек. Жергиликтүү бейтаптардын айтымында балдар 2-3 киллограммга арыктап кетишкен. Чианг Рай провинциясындагы бейтапканага бир жумадан ашык жатышат деп билдиришти. 


Ссылка: https://barometr.kg/taj-baldarynyn-kyrsyktan-kijinki-algachky-srttr-pajda-boldu



Добавить комментарий