Таиландда өтүп бара жаткандар балконго чыгып алган эки жашар кызды сактап калышты (видео)
Таиланддын Бангкок шаарында өтүп бара жаткандар көп кабаттуу үйдүн балконуна чыгып алаган эки жашар кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Newsflare сайты тарабынан жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бала жерден 12 метр бийиктикте, акыркы кабаттагы балкондо болгон. Алгач аны кошуналары сактап калууга аракет кылышкан, андан кийин өтүп бара жаткандар аларга кошулушкан.
"Мен үйгө мотоцикл менен бара жаткам, элди дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрүп, досума чалдым, баарыбыз чогуу имаратка чыктык”, - деди куткаруучулардын бири.
Бир нече адам баланы жерге түшүрүү үчүн дубалга адам чынжырчасын тизип алып кызга жетип барып, куткарып калышкан.
Бала кантип балконго чыгып алганы белгисиз бойдон калууда. Тургундар үйдүн ичинен ал жакка жетүү мүмкүн эмес деп эсептешет.
"Кызым ал жакка кантип жеткенин билбейм. Мен ал күнү үйдө болгон эмесмин, апам аны карап турушу керек болчу. Бирок кандай жагдайда балконго чыгып кеткенине таң калып жатам", - деп кошумчалады кыздын апасы.
Эскерте кетсек, 2019-жылы Кытайда 14-кабаттын балконго асылып калган бала каза болуп кала жаздаган. Окуя тууралуу күбөлөр дароо полицияга кабар беришип, баланын ата-энесин чакырышкан. Алар тез эле үйүнө кайтып келип, баланы балкондон сактап калышкан.
Добавить комментарий ×