Таарындыбы? Күйөрмандар Роналдунун Швейцария менен болгон беттештен кийинки жүрүм-турумуна таң калышты

7 декабрь 2022 15:51 1200 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Португалия курама командасы 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына жеңиш менен чыкты, бирок Криштиану Роналдунун жүрүм-туруму күйөрмандарды таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Португалиянын курама командасынын капитаны 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалынын Швейцария менен беттеши аяктагандан кийин дароо командалаштары менен португалиялык күйөрмандары тарапка бет алышкан. Бирок ММКлар анын күйөрмандарга алыстан гана кол булгалап, андан соң жалгыз трибуна бөлмөсүнө шашылганына көңүл бурду. Ал арада Португалия курама командасы толук курамы менен оюун талаада калып, жеңишти майрамдоону улантып, күйөрмандарга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиришкен.  

Эске салсак, португалиялыктар Швейцарияны жеңген, бирок анын жылдыздуу чабуулчусу Роналдо алмашууга (заменага) гана чыгып калган. Балким, ушундан улам 37 жаштагы футболчу «таарынды», - деп болжолдошууда ММКлар.


Ссылка: https://barometr.kg/taaryndyby-kjrmandar-ronaldunun-shvejcariya-menen-bolgon-betteshten-kijinki-zhrm-turumuna-ta-kalyshty



Добавить комментарий