Сыймык Жапыкеев: Көрүнбөй калдың деп издегендер көп. Сахарым көтөрүлүп, үйдө жатам
Өкмөттүн чечими менен толук жоюлган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев эмгек жамааты менен коштошуп, аларга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Жапыкеевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу достор, кече күнү Финполдун коллективи менен коштоштук. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып, өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын.
Финполдун төр агасы катары, эли-жерим жана өлкө үчүн таза, так иштегенге аракет кылдым. Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 миллион сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чооң-чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын кортундусун күтүп аттык эле. Баары оңой эмес.
Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп, сахарым көтөрүлүп кетти. Врачтар карап жатышат, нерв болбош керек дейт. Үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсе кереги жок экен.
Акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. Жок болуп кетти, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамкызматкер катары митингке чыгып, өз оюмду билдиргенге укукту эмес элем”, – деп жазды Жапыкеев.
Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын же кыскарта айтканда Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим Өкмөт тарабынан 5-мартта кабыл алынган.
Автор: Жанышбекова Чолпон
Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeev-krnbj-kaldy-dep-meni-izdegender-kp-saharym-ktrlp-jd-zhatam
Добавить комментарий ×