Сузакта жол кырсыгынан бир адам каза болду
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунуда айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жардан кулап айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 12-ноябрда Сузак районунда саат 09:48де Жашасын айылында “Дэу Тико” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1974-жылы туулган эркек киши каза болгон.
КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-zhol-kyrsygynan-bir-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×