Сузакта сабалган эки жашар кызга милиция кокустук деп кылмыш козгогон жок

11 май 2019 14:42 10031 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгул Турдубекова Сузак районунда өгөй энеси сабаган эки жаштагы кыз боюнча фактыны укук коргоо органдары баланы уруп согуу эмес, кокустук катары каттаганын маалымдады.

Турдубекова билдиргендей, 7-майда Жалал-Абад областык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көптөгөн жараттары менен эки жаштагы кыз жаткырылган.

“Бала башынан катуу жабыркаган. Шишик (гематома) бар. Денесинде тактар бар. Бала дайыма кордук көрүп жүргөн. Энеси Москвада иштеп жүрөт. Күйөөсү жок. Бул кызды жана дагы бир беш жашар баланы өзүнүн өгөй энесине калтырган. Анын колунда башка неберелери да бар”,- деп жазды укук коргоочу социалдык тармактагы баракчасына. 

Турдубекова кыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринен зомбулук көргөнү тууралуу божомол бар экенин кошумчалаган.

 "Кыздын саламаттыгына зыян келтирген жаракаттарды алганына карабастан үй-бүлө мүчөрүнөн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес. Укук коргоо органдары бул фактыны кызга карата зордук-зомбулук эмес, кокустук катары каттаган”,-деген укук коргоочу “Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду блага катаал мамиле кылгандарды жоопко тартылышын талап кыларын, бул үчүн иштерин белгиледи.

“Балдар укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду Балдарды зомбулуктан коргоо боюнча коомдук уюмдар, Омбудсмен Истититуту, Социалдык коргоо башкармалыгы, Бишкекте жаш энелер жана Москвадагы мекендештер форумунун активисттери менен биргеликте балага жардам көрсөтүү максатында координациялык топ түздү.

“Балдар укугун коргоочулардын лигасы” окуя боюнча энесинин жана туугандарынын түшүндүрмөлөрүнө карабастан кызга зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчиликке тартылышына жетишерин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-sabalgan-eki-zhashar-kyzga-miliciya-kokustuk-dep-kylmysh-kozgogon-zhok



Добавить комментарий