Сузакта оор кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөндөр сыйланды
Сузакта оор кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөндөр сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Сузак районунун аймагында катталган оор кылмыштын бетин ачууда өздөрүнүн атуулдук милдеттерин так аткарышып, милиция кызматкерлерине жардам бергендиги үчүн Сузак районунун тургундарына, Жалал-Абад шаарындагы №14 жана №16 орто мектептеринин окуучуларына, аларды чынчылдыкка, патриоттуулукка үндөө менен жүрүм-турумуна, тарбиясына жана билим берүүсүнө кошкон салымдары үчүн мектеп мугалимдерине ардак грамоталар тапшырылды.
Белгилей кетсек ушул жылдын ноябрь айынын башында Сузак районунун аймагында жол кырсыгы катталып, андан бир адам каза болгон. Жогоруда сыйлык алган жарандардын берген маалыматтарынын негизинде кылмыш ишинин бети ачылып, окуяга шектүү жаран милиция тарабынан кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-oor-kylmyshtyn-betin-achuuga-kmktshkndr-syjlandy
Добавить комментарий ×