Сузакта мыйзамсыз сакталган куралдар табылды
Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, милиция үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтарды алган. Алынган маалыматтар Сузак РИИБге катталып, Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын тургундары 1968-жылы туулган Ш.Т. жана 1973-жылы туулган Ч.А. аттуу жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Ш.Т.нын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 4 даана ок-дарысы, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал 13 даана ок-дарысы, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптары менен табылып алынган. Ал эми Ч.А.нын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган",- деп айтылат маалыматта.
Курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-myjzamsyz-saktalgan-kuraldar-tabyldy
Добавить комментарий ×