Россияда иштеп жүргөн жарандын аялы менен балдарынын сөөгү табылды

22 январь 2020 13:15 1345 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылындагы үйлөрдүн биринен эне менен эки баласынын сөөгү табылды. Маалыматты райондун акимиатынан кабарлашты.

Алдын ала маалымат боюнча алар жекшембинин түнүндө иске ууланышкан.

Алардын сөөгү эки күндөн кийин табылган. Маркумдун күйөөсү кошуналарын үйүнө барып кабар алууну суранган. Анткени аялы менен балдары телефон чалууларга жооп беришкен эмес.

Маалымат боюнча аялдын күйөөсү Москвада иштеп жүргөн. Ал эми аял мектепте пол жууп иштечү. Балдары 7 жана 5 жашта болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-ene-menen-eki-balasynyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий