Сузакта 47 жаштагы жаранды сабап, денесине оор залал келтиген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

18 январь 2023 11:38 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузакта денеге оор залал келтирип издөөдө жүргөн жаранды кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 18-октябрь күнү Сузак районунун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди ошол эле райондун 47 жаштагы тургуну Д.К. уруп денесине оор залал келтирген.    

“Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.дин  арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын  Кылмыш жаза Кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, издөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 17-январь күнү Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө  иштери улантылууда”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-47-zhashtagy-zharandy-sabap-denesine-oor-zalal-keltigen-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий