Сузакта 11 жаштагы өспүрүм мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда
Сузакта 11 жаштагы өспүрүм Малаасман-оглы Али дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 2022-жылдын 9-октябрькүнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 130-140 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгүджемпер, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым,бутунда кызыл түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-11-zhashtagy-sprm-mal-ajdap-ketken-bojdon-dajynsyz-boluuda
Добавить комментарий ×