Токтогул суу сактагычына суунун агып кирүүсү 153% болууда
28-апрелге карата маалымат боюнча Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда абанын температурасы жогорулашына байланыштуу суунун деңгээли 1-9 см, ал эми Күмүш Тоо, Нарын (Нарын ш.), Кара Кулжа дарыяларында 15-23 см көтөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун ченеминде жана жогорку ченемдеги агымда байкалып 82-314%ды түздү. Төмөнкү ченеминдеги агым: Көгарт, Куршаб, Доңуз Тоо, Зергер, Ак-Буура, Исфайрам-Сай дарыяларында, 36-79%да, байкалды.
Өлкө аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү Орто-Токой - 126%, Киров -32%, Токтогул - 153% ченемди түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/suunun-degeeli-1-9-smge-ktrld
Добавить комментарий ×