Сууга чөгүп кеткен жарандын денеси өлүкканадан табылды
Бөлүшүү:
Сууга чөгүп кеткен жарандын денеси өлүкканадан табылды. Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун тургуну 25-июнь күнү Чоң Чүй каналына (БЧК) чөгүп кеткен. 1980-жылы туулган П. А. аттуу жаранды издөөиштерине 13 куткаруучу тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, издөө иш-чаралары 5-июль күнү токтотулган. Туугандары берген маалыматына ылайык, маркумдун жансыз денеси 5-июль күнү Кара-Балта шаардык өлүк сактоочу жайдан табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/suuga-chgp-ketken-zharan-lkkanadan-tabyldy
Добавить комментарий ×