Колумбияда каза болгон бейтап өлүкканадан тирүү табылды (Сүрөт)

15 июль 2020 17:05 10529 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Колумбияда каза болду деген бейтап, өлүкканадан тирүү табылды. Бул тууралуу “EI Nacional” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Маалыматка ылайык, 67 жаштагы Хуана Хосе Муноса Ромеронун кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн. 6-июлда дарыгерлер аны каза болду деп табышып, өлүкканага алып кетишкен. Туугандарына Ромеронун сөөгүн коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөтүшкөн эмес.

Кичинчээрек, Ромеронун кызы өлүкканага кирип, атасы көзүн ачып дем алып жатканын көргөн. Ал жерде иштеген медиктер андай көрүнүштөр өлгөн адамда боло берет деп койгон. Бирок, Ромеронун кызы ал жактан атасын башка ооруканага алып кеткен.

Жыйынтыгында,  каза болду деген бейтап башка ооруканада дарыланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kolumbiyada-kaza-bolgon-bejtap-lkkanadan-tir-tabyldy-srt



Добавить комментарий