Сүрөт. Борбордук өлүкканага түшкөн адамдын аты-жөнүн табууга Бишкек ШИИББи жардам сурайт

11 октябрь 2018 08:50 2410 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек ШИИББи шаардык өлүкканага жеткирилген адамдын аты-жөнүн аныктоого, анын туугандарын табууга жардам сурайт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИМнин мөөнөт бөлүмүнө "102" куткаруу кызматынан КРнын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу РЦСМЭ өлүк сактоочу жайына 30 - 35 жаштар чамасындагы, азият түспөлдөш эркек адамдын жансыз денеси түшкөндүгү жөнүндө кабар түшкөн.

Маркумдун денесинен күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери байкалган.

Анын үстүндө: кочкул - күрөң түстөгү футболка, кара - көк түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийим жана кара түстөгү байпак болгон.

Ким бул адам тууралуу кандай маалымат билсе же таанып билген болсо Октябрь райондук ИИБине же болбосо төмөндөгү номурларга кабарлап коюуңуздарды суранабыз: 0550-102-853; 0(312) 544116.

Абайлагыла сүрөт!


Ссылка: https://barometr.kg/srt-borborduk-lkkanaga-tshkn-adamdyn-aty-zhnn-tabuuga-bishkek-shiibbi-zhardam-surajt



Добавить комментарий